Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.09.2015 12:25

Ак-Суу районунда Австралиянын дарыгерлери кыргызстандык дарыгерлер шал оорусун дарылоо боюнча тажрыйба бөлүшүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда Кыргызстандын  Саламаттыкты сактоо министрлиги Австралиянын дарыгерлери менен бирге 1 айга  созулган семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Семинар ак халатчандардын жаңы ыкмалар менен дарылоо жолдору боюнча тажрыйба алмашуусу үчүн уюштурулду.

Ак-Суу реабилитациялык борборунда өтүп жаткан  семинарга Австралиядан келген тажрыйбалуу адистер, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаев жана өлкөнүн башка аймактарынан келген 32 медицина кызматкери катышууда.

Ак-Суу районунда 1925 адам мамлекеттен социалдык жөлөк пул алат. Алардын 541и 18 жашка чейинки ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Аталган реабилитациялык борбордо шал оорусу менен ооруган балдарды дарылап, жыл сайын республиканын бардык аймактарынан жана тубаса шал оорусу менен жабыркап, чет өлкөлөрдөн келген балдарга медициналык жардам көрсөтүлүп келет.

А.Мурзалиев мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын төрөлүүсүнө жол бербей, мындай оорулардын алдын алуу керектигин белгилейт.

Ак-Суу реабилитациялык борборунун жетекчиси Байышбек Бейшенбаев белгилегендей, бул борбор 1970-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 150 балага эсептелип курулган. 2013-жылы борбордун 3 кабаттуу кампусу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Семинардын катышуучулары борбордогу дарылоо бөлмөлөрүнүн абалы менен таанышып чыгышты. Борбордо Кыргызстандагы дарылык касиети бар минералдык суулар, андан тышкары укалоо, дары-дармектер кеңири  колдонулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр үчүн бардык шарттар каралган.

Дарыгерлердин айтымында, бир жылда бул борборго 2500дүн тегерегиндеги бейтап кайрылат. Ошол себептен оорунун алдын алып, дарыгерлердин билим деңгээлин  жогорулатуу маанилуу. Ал эми Австралиядан келген адистер: «Бул семинар оң жыйынтыгын  берет», - деп белгилешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×