Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.09.2015 11:31

Ак-Суунун Теплоключенка айылындагы китепканада коворкинг борбору ачылды (фоторепортаж)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын Чыңгыз Айтматов  атындагы  китепканасында коворкинг борбору ачылды, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган борбор «Китепканалык жана маалыматтык консорциум» бирикмесинин, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен ишке ашырылды. Борбордун ачылыш аземине Улуттук  китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  китепканачылар катышты.

Теплоключенка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы  китепканасы 2014-жылы башталган «Жарандык  коомду  колдоо фонду» долбооруна пилоттук негизде кабыл алынган.

«Бул жерден  калктын бардык катмары өз ара бири-бири менен кезигип, маалыматтар менен бөлүшүп, чексиз ылдамдыктагы интернет байланышынан пайдалана алат», - дейт облустук Т.Сыдыкбеков атындагы китепкананын жетекчиси Зоя Мусиева.

Ч.Айтматов атындагы  китепкананын  жетекчиси  Гүлмира  Аилчинова: «Ошондой эле, ар кандай кароо-сынактар, ментордук  сессиялар, ар кайсы багыттагы  адистер  менен  жолугушуулар  өтөт. Борбор жаңы заман талабына ылайык  жабдыктар менен жабдылган. Бул борбордун эмгек жамааты мындан ары  мамлекеттик жана бизнес структуралары,  адистер, ишкерлер, мугалимдер жана  чыгармачыл активдүү жарандар менен  бирге иш алып бармакчы», - деп билдирди.

Белгилей кетсек, мындай борбор  Нарын жана  Жалал- Абад облустарында  да ачылган. Коворкинг - «биргелешип иштешүү» дегенди түшүндүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×