Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.09.2015 15:54

Ак-Сууда экспертизациялоо комиссиясы пенсия алуучулардын майыптуулугу боюнча документтерин текшерүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облустук аймактар аралык медициналык-социалдык экспертизациялоо комиссиясы Ак-Суу районуна келип, бейтаптарды медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Аталган комиссиянын өкүлдөрү айына 1 жолу облустун Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып турушат. Жергиликтүү тургундар аларга тиешелүү документтерин текшертип, ден соолугуна байланыштуу майыптуулук тобун аныктап, пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрь айынан тарта алардын пенсиясы жогорулап, 1-топтогу майыптарга 500, ал эми 2-топтогуларга 250 сом кошулары күтүлүүдө.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×