Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.09.2015 15:54

Ак-Суу районунда бейтаптарды медициналык кароодон өткөргөн медикосоциалдык комиссия жүрөк оорулар көп экендигин аныктады (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облустук аймактар аралык медикосоциалдык экспертизациялоо комиссиясы Ак-Суу районундагы бейтаптарды медициналык кароодон өткөрүүдө, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облустук аймактар аралык медикосоциалдык экспертизациялоо комиссиясынын өкүлдөрү айына 1 жолу облустун райондоруна барып турат.

Бул жолу аталган комиссия мүчөлөрү Ак-Суу районунда болуп, бейтаптарды текшерүүгө алышты. Ошондой эле комиссия мүчөлөрүнө пенсияга чыгууга документ даярдап жаткан жарандар көптөгөн суроолор менен кайрылды.

Дарыгерлердин айтымында, райондо биринчи кезекте инсульт, инфаркт оорулары, экинчи кезекте рак оорулары көп кездешет.

Комиссиялык топ кийинки кезекте Жети-Өгүз, Түп райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барарын билдиришти.

Алар кошумчалагандай, өкмөт тарабынан ушул айдан тартып ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан жарандардын 1-топтогу майыптыгы боюнча 500 сом, ал эми калган топтогу майып жарандардын пенсиясына 250 сом өлчөмүндө акча кошулары күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×