Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.09.2015 14:00

Ак-Суунун М.Мамакеев атындагы орто мектебинин 450 чарчы метр аянтына 1995-жылкы бүтүрүүчүлөр тарабынан таш таман төшөлдү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун М.Мамакеев атындагы орто мектебинин алдындагы 450 чарчы метр аянтына таш таман төшөлдү, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган мектепте 968 окуучу билим алат жана быйыл 1-класска 75 окуучу кабыл алынды. Бүгүн, 1-сентябрда билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга 1995-жылкы бүтүрүүчүлөр да чакырылган. Ал бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 6 бала каражат чогултуп, 450 чарчы метр аянтка таш таман төшөп беришкен. Андан сырткары, демөөрчү тарабынан да 100 миң сом каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×