Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.08.2015 15:21

Ак-Суудагы айрым мектептерде демонстрациялык жабдуулар, химреактивдер, карта жана атластар жокко эсе

Turmush -  Ак-Суу районундагы мектептерде окуу куралдары менен окуу китептеринин жетишсиздиги жаңы окуу жылына карата чечилген жок. Райадминистрациянын социалдык саясат секторунун маалыматына ылайык, район боюнча кыргыз тилиндеги окуу китептер менен камсыздоо 96,4%, орус тилиндеги окуу китептер менен камсыздоо 79,6%ды түзөт.

Райондун мектептеринде физика, химия, биология сабактары боюнча демонстрациялык жабдуулар, химреактивдер, география, тарых сабактары боюнча карта, атластар жокко эсе. Ошондой эле жаӊы типтеги компьютерлер (534 даана) жетишсиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×