Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.08.2015 16:17

Ак-Суунун Маман айылынын  мектебине 12 млн сомдук  спорт зал курулууда

Turmush -  Ак-Суу районунун Маман айылында Ж.Ашубаев атындагы орто мектебине спорт зал курулууда. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Гульнара Орозбаева билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Г.Орозбаеванын айтымында, спорт залды курууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнүүдө. Анын жалпы сметалык баасы 12 млн сом.

Белгилей кетсек, Ж.Ашубаев атындагы орто мектеп 2013- жылы декабрь айында салынган. Учурда ал жерде 300дөн ашык окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×