Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.08.2015 12:34

Ак-Суунун Жылдыз айылында 2 жылдан бери курулуп жаткан мектеп 1-сентябрда ачылат

Turmush -  Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы мектептин ачылышы 1-сентябрда болот. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ак-Суу районундагы Жылдыз айыл аймагында жаңы мектептин курулушу Түркия насыясынын эсебинен уланууда.

Жаңы салынып жаткан мектептин курулушуна жалпысынан 24 млн 587 миң сом сарпталат. Имарат 2013-жылы курула баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×