Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.08.2015 16:34

Ак-Сууда «Кино кербени» акциясынын алкагында кыргызча кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунда кинорежиссер, КРнын эл артисти Карел Абдыгулов жетектеген «Кино кербени» айылдарды кыдырып, өзү тарткан кыска метраждуу кинотасмаларды тартуулоодо. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдирилди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын мекени» ураанынын астында өткөрүлүп жаткан маданий-эстетикалык акцияда көрүүчүлөргө тартууланып жаткан «Тушоо», «Төлөмүш Океев», «Мекенге сапар» жана «Маданият» аталыштарындагы кыска метраждуу кинотасмалар көпчүлүк тарабынан жылуу кабыл алынууда.

«Кино кербенинин» негизги максаты — калк арасына кыргыз кинолорун кеңири жайылтуу», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×