Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.08.2015 10:06

Ак-Суунун Шапак айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылында У.Мурзакматов атындагы орто мектеби жаңыртылып салынууда. Бул тууралуу Отрадное айыл аймагынын башчысы Бакыт Жумабеков билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Жумабековдун айтымында, аны курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, учурда фундаменти курулду.

Ал эки кабаттан туруп, 150 орундуу болуп салынат.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1970-жылдары курулган. Айылда жалпы 160 түтүн эл жашайт.

Мектептин сметалык баасы 29 млн 735 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×