Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.08.2015 11:08

Ак-Суунун депутаттары мектептерге көмүр ташуу боюнча тендерди тыштан келген ишкерлер утуп алгандыгына нааразы

Turmush -  Ак-Суу районундагы 35 мектепке кышка карата көмүрдү ташууда тендерди Кара-Кече утуп алган. Жергиликтүү депутаттар мындан улам нааразычылыгын Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Депутаттардын айтымында, райондогу Шахты-Жыргалаңдан алышса, жергиликтүү ишкерлер ташып, аларды колдоо менен бирге районго да салым болмок.

Аким Ж.Байсеитов бул маселе көптөн бери көтөрүлүп жатканын айтты. Ал белгилегендей, айыл өкмөттөрдү жергиликтүү ишкерлерден алгыла деген тапшырма берилип жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, райондогу билим берүү тармагына быйыл жалпысынан 1265 тонна көмүр керек болсо, анын 460 тоннасы түшүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×