Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.08.2015 17:50

Депутаттар Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызматынан кетүүсүн талап кылууда

Turmush -  Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиевдин ишине кошмо жыйынга катышып жаткан депутаттар нааразы экендигин билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Депутаттардын көпчүлүк суроолору мектеп жетекчилеринин ишмердүүлүгү, ардактуу эс алуудагы мектеп жетекчилеринин иштөөсү, мектеп формасы тууралуу болду. Жыйында быйыл райондон ардактуу эс алуудагы 9 мектеп жетекчиси иштен кетип жаткандыгы айтылды.

Ошондой эле, Челпек айылынын мектеп жетекчисинин ишиндеги кемчиликтери талкууланып, иштен алынуусу тууралуу талкуу болуп, Челпек айыл аймагынын депутаттары билим берүү бөлүмүнүн башчысы аны колдоп жаткандыгын айтып, ошондуктан иштен кетүүсүн талап кылышты.

Кошмо жыйынга катышып жаткан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Улан Маликов Челпек айылынын иши көзөмөлдө экенин айтып, ушул тууралуу маселелерди билим берүү башчысына чечүүнү тапшырды. Аны менен катар, эгер бул маселе чечилбесе, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын өзүнүн орду караларын эскертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×