Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.08.2015 17:34

Ак-Суунун Челпек айылында маркум Т.Кыдырбаевдин жаркын элесине арналып, мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылында бир нече жыл жол оңдоо тармагында эмгектенген маркум Турганбек Кыдырбаевдин жаркын элесине арналып, мелдеш өттү, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдешке район боюнча 12 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү замандаштары жана уул-кыздары Т.Кыдырбаевдин басып өткөн жолу жана жасаган иштерин эскеришти. Мелдеш спорттун 4 түрү боюнча өтүп, жалпы байге фонду 20 миң сомду түзүп, алдыңкы спорт чеберлерине ыйгарылды.

Т.Кыдырбаев 1955-жылы Челпек айылында жарык дуйнөгө келип, окууну аяктаган соң айыл-чарба тармагында эмгектенип, айылдык, райондук кеңештин депутаты болгон. 1991-2014 жылга чейин Ак-Суудагы асфальт-бетон заводунда жетекчи болуп кызмат өтөгөн. Былтыр, 2014-жылы август айында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Уулу ата жолун жолдоп Чүй облусундагы жол оңдоо ишканасында эмгектенип келет. «Атабыз адамкерчиликтүү, ар дайым эл үчүн иштөөгө үндөгөн адам болгон», - дейт уулу Канат Кадырбаев.

Белгилей кетсек, мелдешти кийинки, 2016-жылы облустук деңгээлде өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×