Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.08.2015 16:32

Ак-Сууда былтыр 16 окуучу кыз мектепке жоолук салынып келген, - билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев

Turmush -  Ак-Суу районунда мектеп окуучуларынын ичинен 16 кыз 2014-2015- окуу жылында мектепке жоолук салынып келип окуган. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев кошмо жыйында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Темиралиевдин айтымында, мектепке жоолукчан келгендердин ичинен 11 окуучу Ак-Булак айылында окуйт.

«Бул маселени чечүүгө баарыбыз бирге аракет кылбасак, бир адамдын колунан келбейт. Түшүндүрүү иштерин жалпылап жүргүзүүгө көмөк көрсөтсөк», - дейт ал.

Белгилей кетсек, райондо 35 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×