Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.08.2015 10:08

Ак-Суунун Челпек айылында 25 жылдан бери алгач ирет ачылып жаткан бала бакчанын имараты талашка түшүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун 8000 калкы бар Челпек айылында 25 жылдан бери алгач ирет ачылып жаткан бала бакчанын имараты талашка түшүүдө. Бул тууралуу Челпек айылынын тургундары маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл облусунун райондор аралык соту Челпек айылындагы менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имаратын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндөгү ишти кароодо. Бирок бир тараптагы жактоочунун жоктугунан жана мамкаттоо башкармалыгынын өкүлүнүн келбей калганына байланыштуу сот ишин кароо кайрадан кийинкиге калтырылды.

Аталган бала бакчанын имараты айыл өкмөтү менен «Челпек» акционердик коомунун ортосунда талашка түшүп келет. Челпек айылында 25 жылдан бери бала бакча жок. Ошол эле учурда, Челпек айылында 600дөн ашык бөбөк бала бакчага муктаж.

«Азыркы Искаков атындагы орто мектеп мурда бала бакча болчу. Ал мурда Жункеев жетекчи болуп турганда менчиктештирилип, андан ары «Челпек» акционердик коомунун балансына өтүп кеткен. Кийин социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу тууралуу президенттин жарлыгы чыгып, ага ылайык азыр мектеп катары пайдаланылып жаткан имарат 2007-жылы мамкаттоо башкармалыгы тарабынан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп, мамлекеттик актысы берилген. Эми «Челпек» акционердик коому азыр мектеп болуп турган бала бакчанын имараты мамкаттоо тарабынан мыйзамсыз айыл өкмөтүнө өткөрүлгөндүгүн айтып, айыл өкмөтүн жана мамкаттоо башкармалыгын сотко берип жатат. Албетте биз буга каршыбыз. Мында байлыкты көздөгөн 1-2 адамдын кызыкчылыгы үчүн аракеттер көрүлүүдө. Президенттин жарлыгына ылайык мүлк айыл өкмөтүнүн балансында калышы керек. Биздин талабыбыз ушундай», - дейт Челпек айылдык кеңешинин депутаты Райымбек Мамалжанов.

IMG-20150810-WA0066

«Бала бакча президенттин буйругунун негизинде өкмөткө өткөрүлгөн. Ал эми Челпек акционердик коому имаратты менчикке өткөрүп алуу аракетинде соттошуп жатат. Бүгүнкү сот иши жактоочу менен мамкаттоонун өкүлү катышпай калгандыктан кийинкиге калтырылды. Биз бала бакчада 3 тайпа ачалы деп жатабыз. «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» фондунан 2 миллион сом, республикалык бюджеттен 3 миллион сом алганбыз. Тендер өтүп, ишти баштайлы деп турабыз. Эгерде эч ким тоскоол болбосо, биз бала бакча ачууга даярбыз», - дейт Челпек айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Турдубек Очилов.

IMG-20150810-WA0065

Ал эми, Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Жыргалов өз сөзүндө «Челпек» акционердик коому айыл өкмөтүнө, жалпы эле элге тиешелүү кыймылсыз мүлктөрдү менчиктештирип, өзүнүн балансына өткөрүп алгандыгын кошумчалады. «Айыл өкмөтүндө азыр мыйзамдуу документ боюнча кыймылсыз мүлкү жок. Баары менчикке өтүп кеткен. Бала бакчаны айыл өкмөтүнүн балансына мыйзам чегинде кайтарып алганбыз. Бирок акционердик коомдун мүчөлөрү буга макул болбой, сотко арыз менен кайрылышкан. Биз Челпек айылынын 8000 калкынын атынан, ата-энелердин, бала бакчага барбаган 600 баланын атынан бул талаш маселени адилеттүү чечип берүүсүн сот органдарынан өтүнөбүз», - деди ал.

IMG-20150810-WA0067

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×