Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.07.2015 14:53

Ак-Суудагы жайлоо бала бакчалары кошумча канцтоварлар жана окуу куралдар менен камсыздалат

Turmush -  Ак-Суу районунда ачылган жайлоо бала бакчалары кошумча канцелярдык товарлар жана окуу куралдар менен камсыздалат. Бул тууралуу райадминистрациядан маалым болду, деп билдирет Тurmush басылмасынын кабарчысы.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жакында жайлоолорго барып, жайлоо балдар бакчаларын кошумча окуу куралдары жана канцтоварлар менен камсыздайт.

Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя жайлоосундагы «Алтын балалык» бала бакчасында 25, Чымынды-Сай жайлоосундагы «Жеткинчек» бала бакчасында 32 бала тарбияланууда. Андагы балдарга райондук мектептердин мугалимдери кезектешип 3 күндөн окутуу, тарбиялоо иштерин жүргүзүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×