Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.07.2015 13:38

Казань университетинин бюджеттик бөлүмүнө кабыл алынган Ак-Суудагы интернаттын тарбиялануучулары каржылык колдоого муктаж болууда

Turmush -  Ак-Суу районундагы балдар интернатынын 5 бүтүрүүчүсү Казань федералдык университетинин бюджеттик бөлүмүнө кабыл алынды.

Балдар үйүнүн берген маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөр университеттин кабыл алуу сынагына көп убакыт даярданышкан, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Жыйытыгында алар окуу жайга кабыл алынып, Саида Керимжанова, Максат Сырдыбаев, Алтынай Махунова, Чынтемир Тилеков жана Адинай Кубанычбекова билим алууну Казань шаарында улантышат.

Маалыматта айтылган, учурда бул бүтүрүүчүлөр билим алууга керектелүүчү ноутбук менен учактын билетине жете турган каражатка муктаж болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×