Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.07.2015 16:00

Ак-Суунун Зындан айылында түзүлгөн фольклордук топ улуттук музыкалык аспаптарда ойноп, чет өлкөлөргө барууну максат кылышууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Зындан айылында түзүлгөн фольклордук топ бир катар ийгиликтерди багынткан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл башчысы Мирбек Касаболотов билдирди.

Топтун мүчөлөрү 2014-жылдан бери маданият үйүнүн бир бурчунда кыргыз элинин улуттук аспаптарында кол ойнотконду үйрөнүп, бийге катышышат. Топтун жетекчиси Айгерим Касаболотова ар дайым окуучулар менен тыгыз иш алып барат. Райондук, облустук кароо-сынактарда алдыңкы орундарды багынтып келген топ алдыда чет өлкөлөргө барууну максат кылышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×