Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.07.2015 12:50

Ак-Суу районунун алыскы Зындан айылында жаңы мектеп курулат

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы айылдарынын бири болгон Зындан айылында жаңы мектептин курулуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ак-Суу айылынын башчысы Мирбек Касаболотов маалымдады.

«Учурда айылда мектеп бар, бирок ал эки кезекте балдарды окутуп, жетишпей жаткандыктан жаңы мектеп куруу зарылчылыгы пайда болду», - дейт ал.

Анын айтымында, билим ордосун куруу үчүн долбоор жазылган. «Учурда тиешелуу кагаздары бүткөрүлсө эле иш башталары анык болууда. Андан сырткары, айылда спорт ордосунун жоктугу жаштар үчүн көйгөйлүү маселе болууда», - деп кошумчалады айыл башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×