Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.06.2015 18:18

Ак-Суунун эки айылында 300дөн ашык бала балдар бакчасына кире албай кезек күтүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунун Каракол айылында 200 бала балдар бакчасына кирүү үчүн кезекте турушат. Бул тууралуу Каракол айыл өкмөтүнөн билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык учурда айылда 62 бала бакчада тарбияланат. «Бирок бул бакча 160 орунга эсептелген. Каражат жоктугунан бул орундардын баарына тайпа ача албай жатабыз. Айыл өкмөт дотацияда турган айыл өкмөт», - дейт ал.

Аны менен катар Чолпон айылында 130 бала бакчага кирүүгө кезекте турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×