Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.06.2015 18:04

Ак-Суунун Чолпон айылында 78 млн сомго мектеп салынууда

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында 225 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы Оболбек Шаршекеев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

О.Шаршекеевдин айтымында, мектеп эки кабат болуп курулууда. Учурда экинчи кабаты курулуп жатат.

«Мектеп спорт залы, жыйындар залы жана ашканасы менен чогуу курулат. Ага Түркия гранты аркылуу 78 млн сом каралган», - дейт ал.
Айтсак, айылдагы учурда иштеп жаткан мектеп 1965-жылы курулган. Учурда эскилиги жетип, төбөсүнөн кум, топурак түшүп келет.

Мектепте учурда 295 билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×