Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.06.2015 18:02

Ак-Суунун Жыргалаӊ айылындагы 320 орунду мектепте болгону 171 гана окуучу билим алат

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаӊ айылындагы 320 орунду мектебинде болгону 171 гана окуучу билим алат. Бул тууралуу Жыргалаӊ айылынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, бул мектепте 22 мугалим эмгектенет. Ал айылдагы жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү Жыргалаӊ көмүр казуу шахтысы токтоп калгандан кийин жумушсуз калышкан. Көпчүлүгү башка жактарга көчүп кетишти.

Ошол себптен 320 орундуу мектепте окуучлар аз. Быйыл 11-классты 12 бала бүтүп жатат. Ал эми 1-класска 13 бала келет, дешет айылдык мектептин мугалимдери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×