Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.05.2015 18:37

Ак-Cуу районунда «Жыл мугалими» кароо-сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ак-Cуу районунда «Жыл мугалими» кароо сынагында жеӊүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Ак-Суу районунун мектеп мугалимдеринин арасында «Жыл мугалими кароо-сынагы өтүп, ага 27 мугалим катышты.

Сынактын жүрүшүндө мугалимдер жаш муундарды тарбиялоодо, билим берүүдө инновациялык ыкма менен сабак өткөрүү, көрсөтмө куралдарды пайдалануу боюнча ат салышты. Кароо-сынактын жыйынтыгы менен Рахимов орто мектебинин мугалими Улан Райымбеков «Жыл мугалими» наамын жеӊип алды.

Сынакта 1-2-орунду ээлегендер акчалай сыйлыктар, грамоталар менен сыйланышты жана облустук «Жыл мугалими» кароо сынагына жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×