Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.05.2015 18:31

Ак-Суу районунда ардагер футболчулардын арасында облустук мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунда ардагер футболчулардын арасында облустук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Суу районунан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Суу районунда Ысык-Көл футбол федерациясынын уюштуруусунда 35 жаштан 60 жашка чейинки ардагер футболчулардын арасында облустук мелдеш өткөрүлдү.

Футболчулар бул мелдешти Улуу Ата Мекндик согуштун 70 жылдыгына арнап ойношту. Алар согуш ардагерлерин эскеришти. Мелдеште Жети-Өгүз району биринчи, Түп району экинчи, Ак-Суу району үчүнчү орунду, андан кийинки орунду Тоӊ району алышты.

Жеӊүүчүлөргө кубок, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×