Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.04.2015 09:53

Ак-Суунун Боз-Учук айылында заманбап жабдуулары менен тиш дарылоочу жай ачуу пландалууда

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун айылдарында заманбап жабдуулар менен камсыздалган тиш дарылоочу жайларды ачуу пландалууда. Райондук оорукананын жетекичилеринин айтымында, мындай жай жакынкы күндөрү Боз-Учук айылында ачылат.

Мурдараак маалымдалгандай, райондогу Челпек айылында жаңы ачылган тиш дарылоочу жай пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге облустук ФОМСтун, райондук оорукананын жетекчилери, айылдык кеӊештин, айыл өкмөтүнүн башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Айыл тургундарынын айтымында, тиш дарылоочу жай бул айылда мындан 20 жыл мурда болгон.

«Заманбап тиш дарылоочу жабдуулары бар тиш дарылоочу жайдын ачылганы элге жакшы болду. Шаарга барып дарыланат элек деп убара тартпай өз айылыбыздан дарыланып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жетекчилерге рахмат», - дешет айыл тургундары.

Тиш дарылоо жайындагы заманбап жабдуулар 250 миӊ сомго сатылып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×