Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.04.2015 11:00

Ак-Сууда «Жеңишке дем берген ырлар» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кечээ, 31-мартта «Жеңишке дем берген ырлардын» кароо-сынагы өттү.

Бул сынак окуучулар арасында жана 18 жаштан жогорку курактагы жарандар арасында өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында белгилү болгондой, окуучулар арасында 1-орунга Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Жусупов атындагы орто мектебинин окуучулары, 2-орунга Сооронбаева атындагы орто мектебинин окуучусу Нурлан Орозбаев, 3-орунга Мурзакматов атындагы орто мектебинин окуучусу Акылай Карабаева жана Асаналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Исламбек уулу Сыймык ээ болду.

Райадминистарция маалымдагандай, жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарбынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×