Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.03.2015 16:51

Ак-Суудагы Жыргалаӊ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Т.Мукалаев шайланды

Turmush -  Талгат Мукалаев Ак-Суу районунун Жыргалаӊ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Райондук администрация аймактык кабарчыга билдиргендей, ушул жылдын 17-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген Жыргалаӊ айылдык жергиликтүү аткаруу бийлик органанын башчысын шайлоо болуп өттү.

Шайлоодо БШКнын райондогу атайын өкүлү Д.Моӊолдоров, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ш.Шейкинов депутаттарга шайлоо процедурасы тууралуу түшүндүрмө берип, добуш берүү процесси жүрдү.

Жыргалаӊ айыл өкмөт башчысынын бош кызмат ордуна 2010-2012-жылдарда район акиминин милдетин аткаруучу кызматын аркалаган Кубан Муканбетович Бекбоев жана Кара-Жал айылдык кеӊешинин төрагасы, үстүбүздөгү жылдын 25-февралына чейин жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын райондук кошмо жыйынынын президиумуна төрагалык кылып келген Талгат Абдыкадырович Мукалаев ат салышты.

Добуш берүү аяктап, анын жыйынтыгы менен 11 депутаттын ичинен 7 депутаттын добушуна ээ болгон Т.Мукалаев жеӊүүчү деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×