Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.03.2015 14:42

Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылында 62 наристе бала бакчага кирүү үчүн кезек күтүүдө

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Боз-Булуң айылындагы «Келечек» бала бакчасына кирүү үчүн 62 бала кезек күтүүдө. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Венера Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, учурда бала бакчада бир эле тайпа иштеп, анда 36 бала тарбияланат. «Кезек күткөндөрдүн санын азайтуу максатында кошумча тайпа ачууга аракеттер көрүлүүдө.

«Буюрса, сентябрь айында дагы кошумча тайпа ачылышы күтүлүүдө», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×