Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.03.2015 16:19

Ак-Суу районунун Ашуубаев орто мектебиндеэлин, эл-жерин сүйүүгө багытталган «Кана эмесе ата-эне» аттуу сынак өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун Ашуубаев атындагы орто мектебинде «Кана эмесе ата-эне» сынагы өттү. Бул тууралуу Ашуубаев мектебинен маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, бул мелдеш Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына каратаөткөрүлдү. Иш-чара согуш темасына арналып, ата-энелер согуш учурундагы ырларды аткарышты, көркөм окуу болду, согуш мезгилин чагылдырган көргөзмө сынагы өттү.

Ата-энелердин сынагы жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Уюштуруучуларын айтымында, мындай темадагы сынактар жаштарды мекенчилдикке, элин, жерин сүйүүгө, ата-бабалардын эл жери үчүн жасап кеткен эрдиктерин унутпай көкүрөктөрүнө сактап жүрүүгө тарбиялайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×