Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.03.2015 12:17

Фольклордук жана комузчулар ансамбли бар Ак-Суудагы Ж.Алышбаев мектебинде бий ансамбли да ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында жайгашкан Ж.Алышбаев мектебинде бий залы ачылды. Окуучуларга пайдаланууга берилген бий зал үчүн мектептин имаратындагы эски чеберканасы оӊдолду.

Аталган мектептен аймактык кабарчыга маалымдалгандай, бий залдын ачылышы менен конокторго концерттик программа тартууланды.

Ж.Алышбаев атындагы мектепте фольклордук ансамбль, комузчулар ансамбли бар. Аларга эми бий ансамбли кошулду. Комузчулар тобуна Ага-Хан фонду тарабынан 30 комуз тартуу кылынган. Ошондой эле, фольклордук ансамблге Бишкек шаарынан окшош кийимдер сатылып алынган. Мындан тышкары, мектепте академик Ж.Алышбаевдин музейи бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×