Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.03.2015 15:43

Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагында 60 орундуу бала бакча ачылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагында 60 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Боз-Учук айыл аймагынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Боз-Учук айыл аймагындагы мурдагы айыл өкмөтүнүн имараты оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 60 орундуу бала бакча ачылды. Анын ачылышына айыл аймагынын жана район жетекчилери катышып, кызыл тасма кесилди. Бала бакчада бардык тиешелүү шарттар бар. Эмеректер менен толукталган. Учурда эки тайпада балдар тарбияланууда. Бала бакчада 13 кызматкер иштейт.

Бала бакчанын ачылышына ата-энелер да кубанып, ыраазылык билдиришүүдө. Бул бакчанын капиталдык ремонтуна Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 1,5 млн сом бөлгөн. Мурда Ак-Суу районунда 11 бала бакча болсо учурда 12си ишке берилип отурат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×