Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.02.2015 14:30

Ак-Суу районунда жаш техниктердин, ойлоп табуучулардын жана жаш көркөм сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Turmush -  Ак-Суу районундагы балдар билим берүү борборунда «Экономиканы чыӊдоо жылына» арналган жаш техниктердин, ойлоп табуучулардын жана жаш көркөм сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.

Катышуучулардын маалыматында, ага Каракол шаарынан илимдин кандидаттары, билим берүү борборунун окутуучулары, Ак-Суу районунун мугалимдери жана окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан ойлоп таап, жасалган техникалар көргөзмөгө коюлуп, окуучулар ар бир ойлоп тапкан кыймылдаткычтарын жакташты, сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүнө баа берилди.

Мектеп окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш өткөрүлүп, анын жеӊүүчүлөрү аныкталды.

Иш-чаранын аягында жалпы жыйынтык чыгарылып, Киров орто мектебинин окуучулары сынактын жеӊүүчүлөрү болуп таанылды. Андан кийинки экинчи орун Алышбаев мектебинин окуучуларына ыйгарылды. Учүнчү орунга Мамакеев мектебинин окуучулары ээ болушту.

Билим берүү борборунун маалыматында, жеӊүүчүлөр Бишкекте өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу сынакка барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×