Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.01.2015 17:39

Ак-Суу районунда кызамык оорусуна чалдыккандардын 4 учуру катталган

Turmush -  Ак-Суу районунда кызамык оорусуна чалдыккандардын 4 учуру катталган. Бул тууралуу райондук санэпидкөзөмөл борборунан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Ак-Суу районунда кызамык оорусуна кабылгандардын 4 учуру катталып, алар медиктердин көзөмөлүнө алынды.

Райондо буга чейин аталган илдетке каршы пландуу эмдөөлөр жүргүзүлгөн. Учурда кандайдыр бир себептер менен өз убагында эмделбей калгандарды, ошондой эле эмдөөдөн өтпөгөн мигранттарды аныктоо багытында иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×