Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.01.2015 10:11

Ак-Суу районунда айылдык депутаттар арасында волейбол, теннис, баскетбол, шахмат боюнча мелдештер өттү

Turmush -  Ак-Суу районунда айылдык депутаттар арасында спорт оюндары боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Ак-Суу райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 14 айыл өкмөтү бар. Район боюнча айылдык депутаттардын саны 184. Райондук депутаттардын кошмо жыйынынын демилгеси менен айылдык кеӊештердин депутаттарынын арасында спорт оюндарынын волейбол, теннис, баскетбол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду.

Ага райондогу айылдык кеӊештин депутаттарынан түзүлгөн 8 команда катышты.

Мелдешке байге коюлуп, биринчи орунга 4500 сом, экинчи орун үчүн 3000 сом, үчүнчү орунга 1500 сом коюлду. Андан тышкары, мелдештин катышуучуларына грамоталар, баалуу белектер даярдалган.

Бул мелдештер айыл тургундарынын байланышын, ынтымагын бекемдөө, спортту жайытуу, ден соолукту чыӊдоо максатында уюштурулган, дейт уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×