Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.12.2014 16:54

Ак-Суудагы «Кыялкеч» билим берүү борборунда ЖКнын депутаты М.Сабировдун катышуусунда жаӊы жылдык балаты майрамы өттү

Turmush -  Ак-Суу районундагы «Кыялкеч» мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим берүү борборунда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун катышуусунда жаӊы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган борбордун жетекчилиги маалымдаган.

Маалым болгондой, Ак-Суу районундагы «Кыялкеч» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим берүү борборунда 25 мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алат. Депутат М.Сабиров балдарды куттуктап, белектерин тапшырды.

Ошондой эле, балдар концерт тартуулап, жакшы ырдап берген балдарга белектер берилди.

Мындан тышкары, эл өкүлү М.Сабиров билим берүү борборуна сыналгы алып келип берүүнү убада кылып, жамаатты муктаждык болсо, кайрылып турууну сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×