Turmush — Бактыбек Алымбаев Ысык-Кѳлдүн Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Каракол айыл аймактык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы түзүлгөн Каракол айыл аймактык кеңешинин уюштуруу сессиясы өттү. Ага бириккен Каракол айыл аймагынын 22 депутаты катышты. Аны жашы боюнча эң улуу депутат Чынара Шабданбекова ачып, төрайымдык кылды. Каракол айыл аймактык кеңешинин төрагасы кызматына Каракол, Отрадное жана Тепке айыл аймактарынын төрагаларынын ичинен Бактыбек Алымбаев, Салтанат Сагындыкова жана Махабат Сеиталиева арасында шайлоо өттү. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 22 добуш алып, Бактыбек Алымбаев бириккен Каракол айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Жалпы 11262 адам жашаган Каракол айыл аймагы Каракол, Отрадное жана Тепке айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн. Каракол айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү. Каракол кеңешинин 11 депутаты, Отрадное кеңешинин 11 депутаты жана Тепке кеңешинин 10 депутаты кирди.