Turmush — Ак-Суу райондук социалдык фонддун жетекчиси болуп Максатбек Акунов дайындалды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Буга чейин Максатбек Акунов Жети-Өгүз райондук социалдык фонддун жетекчиси болуп иштеп келген. 2023-жылдын 6-сентябрында Социалдык фонддун төрагасынын буйругунун негизинде Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун социалдык фонддун жетекчилери ротация болгон.
Акунов Максатбек Үсөнбекович 1972-жылы 9-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылында туулган. Ал Кыргыз айыл чарба институтун аяктап, Жети-Өгүз райондук социалдык фонддо эмгектенген.
Максатбек Акуновдун өмүр баянын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.